Вс Июл 06, 2025
Воскресенье, 6 июля, 2025

Кыргызстандагы шайлоо жана биздин келечек

5 Октябрдагы которулуш элдин адилеттуу каары. Бул буткул дуйного кыргыз элинин, айрыкча жаштардын чечкиндуулугун корсотту. Мурунку саясатчыларга толук нааразычылык. байкалып турат. Буткул эл кантип жашоону ойлонуп жатат. Саясатылардын бири дагы кыргыз улутун онугушунун жолдорун сунуштай албайт. Акыркы 15 жылдагы учунчу революция бул олкону озгортпойбу?

Кыргызстан эн бай олко. Анын кен байлыгы, тоолору Ыссык-Колу топурагы, жана эн негизгиси эмгекчил эл. Бирок ошол эле учурда, Кыргызстан борбор Азиядагы жашоо денгээли боюнча жакыр олколордун бири. Чет олколук ири бизнес (Россия, Кытай, АКШ, Европа Бирлиги, Канададан) Жергиликтуу бай копостор жана саясатчылар менен биргеликте ири кирешелерди чет олколорго экспортоо максатында шахталарды жана заводдорду, жер жана байланыш тармактарын бир нече жылдан бери сатып келе жатат. Акаевден баштап бардык окмот башчылары жургузгон мындай саясаттын натыйжасында Кыргызстан жакыр олкого айланды. Мындан тышкары жонокой эл коруп жаткан эбегейсиз чон паракорчулук осуп онугуп элдин козун жумуп келе жатат. Бул каргашалуу саясаттын натыйжасында бир нече миллион эмгек мигранттары. Мындай коломдогу миграция чакан эл учун чон кырсык. Бул жылдар балдардан, уйунон жеринен болок жашаган жылдар.

Акча табуу учун бул массалык коч барган сайын коптогон муундарды камтыйт жана андан чыгуунун жолу жок. Кыргызстан арзан жумушчулардын булагы болуп калгандай сезилет. Ал эми олконун келечеги кандай болот. Элдин копчулугунун кызыкчылыгына, талабына жооп бербеген, мамлекеттин онугушуно шарт тузо албаган мындай сасатчылардын кереги барбы? Чет олколук банктар жана корпорациялар менен оз ишкердуулугун онуктуруу учун кызматташуу учун бутундой бир элдин келечегин ким комгон? Чындыгында олкону оз бизнесин улуттук байлыкты сатуунун негизинде курган олигархтар башкарып турса, анда олконун келечеги жок. Демек Кыргызстандын келечегине болгон умут жумушчу табында. Миндеген кыргыздар оз уйбулосун жана оз мекени Кыргызстанды багып келе жатышат. Бирок кайсы саясатчы буга конул бурат?Шайлоону миллиондогон мигранттар добуш бере тургандай кылып уюштурууну эч ким каалабайт. Саясатчылардын бири дагы Орусияга ал жактагы кыргыздарга оз коз караштарын билдируу учун келбейт, эмне учун? Анткени мигранттар алар учун эч ким эмес! Демек кыргыз жумушчулары аял болобу, эркек болобу, саясатка кийилигишип, оз олкосундо оз тартибин орнотууга мезгил келди. Кыргызстандагы эмгек мигранттары жана жумушчулары олкону баккан миллиондогон адамдардын добуштары эске алынган таза шайлоону талап кылууга толук укуктуу. Шайлоону баардык мигранттар озулорун эркин корсото тургандай кылып уюштургула! Жогорку кенештин жок дегенде жарымы эмгек мигранттарынын окулдоруноберилишин талап кылгыла! Бул жонундо бардык жерде, баардык социалдык тармактарда жана топтордо суйлошуу!

Бул адилеттуулукко болгон чон талап болушу керек. Уурдап, жылдап калп айткан мурдагы саясатчылар жетиштуу. Аларга ишеним жок. Бизнестин кызыкчылыгы учун эмес мигранттардын жумушчу табынын кызыкчылыгын коздогон партия керек!

Check out our other content

Больше материалов